Goldin Finance 117, ошондой эле China 117 Tower деп да аталат (кытайча: 中国117大厦) - Кытайдын Тяньцзинь шаарында курулуп жаткан асман тиреген имарат. Мунаранын бийиктиги 597 м (1959 фут) жана 117 кабаттуу болушу күтүлүүдө. Курулуш 2008-жылы башталып, имарат 2014-жылы бүткөрүлүп, Кытайдагы экинчи эң бийик имарат болуп, Шанхай Дүйнөлүк каржы борборунан ашып түшүшү керек болчу. Курулуш 2010-жылдын январында токтотулган. Курулуш 2011-жылы кайра жанданып, 2018-жылы бүткөрүлүшү күтүлүүдө. Имараттын үстүнкү бети 2015-жылдын 8-сентябрында бүткөрүлгөн,[7] бирок азыркыга чейин курулуш иштери жүрүп жатат.
